Интернеттеги социалдык тармактар учурда адамдардын жашоосунан кенен орун алгандыктан, чыныгы жашоосун унутуп, ал дүйнөгө баш-оту менен сүңгүп киргендер аз эмес. Ошол үчүн да кээде үй-бүлөдө, түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүк, кызганыч болуп, уруш-талаш жаралат.
"Кинозал" бөлүмүндөгү "Я или Instagram" кыска метраждуу тасмасында интернеттеги социалдык тармактарга "байланып" калган адамдар тууралуу баяндалат. Башкы каармандын сүйүктүү кызы тууралуу айтып жатып, "Жадакалса эртең мененки тамагын да сүрөткө тартып, анан жейт. Бул туура эмес да" дегени буга далил. Тасманын режиссёру - Нурбек Нургазиев. Анда Кайрат Мусаев, Азиза Устемирова, Алина Мусаева, Элназ Бактыгулов сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Социалдык тармактарда активдүү жашоону алып баргандыгы үчүн жигити сүйүктүүсүнө талап коюп, "же мени, же Инстаграмды танда" дейт. Бирок кийинчерээк реалдуу дүйнөдө жашаган кызды кезиктирип калат. Ушул жерде анын сүйүүсү сыноого коюлат...
"Я или Instagram" тасмасын бул жерден көрүңүз.