Бишкек шаарынын тургундарын бычак менен коркутуп, зым менен байлап, унаасын тартып алган жарандар изделүүдө

Бишкек шаарынын тургундарын бычак менен коркутуп, зым менен байлап, унаасын тартып алган жарандар изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну, 1986-жылы туулган Д.Ж. аттуу айым "белгисиз жарандар короодон ашып түшүп кайненемди жана күйөөмдү зым менен байлап, бычак жана темир лом менен коркутуп 13 миң сом акчасын, алтын буюмдарын жана Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү автоунааны тартып алышты" деген арыз менен кайрылган.

"Бет кап кийип унааны белгисиз тарапка айдап качып кеткендер изделүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akyn-jurogu
2016-06-03 13:14:56
Жакында таап эл алдына алып чыгам
-6
Urmat_83
2016-06-03 14:03:26
akyn-jurogu,Ар жерге эле башыны тыга берет экенсин да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан