Баткен облусундагы унаа кырсыктарынан 1 адам каза болуп, 10 адам жабыркап, 1 адам дайынсыз болууда

Баткен облусундагы унаа кырсыктарынан 1 адам каза болуп, 10 адам жабыркап, 1 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында 2-июндан 3-июнга караган түнү саат 01:00 чамасында Daewoo Damas жеңил автоунаасы Исфайрам дарыясына түшүп кеткен. Унаада 3 адам болгон. Учурда 2 адам аман калып, айдоочу Колдош Убайдуллаев дайынсыз болууда.

Издөө иштерине жергиликтүүлөрдөн 50 адам жана ӨКМнын Кызыл-Кыя шаарындагы куткаруучулар тобу тартылган.

Мындан сырткары 3-июнь күнү саат 06:15 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 129-чакырымында дагы бир жол кырсыгы катталган. Кырсыкка кабылган Toyota Ipsum үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын ичинде 7 адам бар болгон. Жабыркагандар Баткен облустук ооруканасына жаткырылган.

Ушул эле күнү таңкы саат 05:51 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 223-чакырымында Баткен районунун Дара айыл аймагында жол кырсыгы катталган. Кырсыкка кабылган Honda CR-V үлгүсүндөгү жеңил автоунаада 2 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен Х.Ж. аттуу 1943-жылы туулган тургун ошол жерде каза болгон. Ал эми дагы бир жүргүнчү 1977-жылы туулган Х.А. аттуу жаран Баткен облустук ооруканасына жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
akyn-jurogu
2016-06-03 15:00:00
Дайынсыз болгонун МЧСке приказ берип койдум, жакын арада табышат
-16
MAKALAK
2016-06-03 15:06:09
akyn-jurogu,ХХХ экенсин накта
+13
taro
2016-06-03 15:16:03
akyn-jurogu,а так ХХХ экенсин
-1
tapkych85
2016-06-03 15:01:37
Кудай сакта туз жолдо учкан го
-3
admin_portal
2016-06-03 15:29:34
MAKALAK,taro, этика нормаларын сактаңыз! кайым айтышуулар купуяга!
-4
admin_portal
2016-06-03 15:31:45
akyn-jurogu, сайттын колдонуучуларын чаташтырууну максат кылган билдирүү калтырууга тыюу салынат! 5 күн БАН!
+6
admin_portal
2016-06-03 16:25:22
makemake1979, башка колдонуучуларды кемсинтүүгө тыюу салынат!
-1
bizon
2016-06-05 22:09:03
Кудай сактасын тегиз молтурогон жолдо машинанын тартышына басканго чиркин,ат корбогон минип олтурот кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан