Индияда жер талашуудан улам 21 адам каза болуп, 40ка жакын адам жаракат алды

Индияда жер талашуудан улам 21 адам каза болуп, 40ка жакын адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Индиянын Матхура шаарында полиция сейил бакты бир канча жылдан бери басып алгандарды кууп чыгууга аракет жасаган. Жыйынтыгында полиция менен диний активисттер кагылышып, 21 адам каза таап, 40ка жакын адам жаракат алган.

"Диний топтун мүчөлөрү Матхура шаарындагы эс алуу багына 3 жылдан бери ээлик кылып келишкен. Соттун аймакты бошотуу чечиминен кийин полиция жер басып алуучулардан кетүүнү талап кылган. Бирок диний активисттер каршылык көрсөтүп, алгач таш менен уруп, андан соң ок атышуулар болгон. Ал эми полиция алгач желим таяктарды колдонуп, курал менен көрсөтүлгөн каршылыктан улам ок чыгарууга аргасыз болгон", - деп айтылат маалыматтарда.
Кагылышуудан полиция кызматкерлеринин бирине ок тийген, дагы бир кызматкер жаракаттан улам каза тапкан. Ошондой эле жаракат алган 40 адамдын жарымы полиция кызматкерлери болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sobr777
2016-06-03 16:09:56
Жеринди оз элине бербесен кимге бересин
-1
shankol88
2016-06-03 16:31:53
Мамлекеттин айтканын кылып еле чыкпайбы,чык дегенде же башка кучтор болсо керекда элди туртуп коюуп.
-1
tashi62
2016-06-03 16:49:42
Үчүнчү күч бар окшойт же ХХХ ХХХ.
-2
ruslanz
2016-06-03 22:21:31
Индияда киши ото эле кобойуп кетти, кимисине жер жетмек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан