Кадамжайда катталган селдин кесепетинен дайынсыз жоголгон 3 жашар баланы издөө уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-майда саат 15:45тер чамасында Ош-Айдаркен унаа жолунда Кадамжай шаарынан Орозбеков айыл аймагына бара жаткан унааны нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен болгон сел суулары агызып, автоунаа сел өтүүчү сайга кулап түшкөн.
Учурда узундугу 150 метр, туурасы 200 метрге чейин жеткен аймактагы издөө иштерине 83 куткаруучу тартылып, күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүшүүдө. Куткаруучулар 1 метрден 2 метрге чейин тереңдиктеги жерди казып, жоголгон баланы табууга аракет көрүшүүдө. Мындан сырткары окуя болгон аймакка 1 экскаватор жана издөөгө жөндөмдүү иттер алынып барылган.