2-апрелде Бишкек шаарындагы Ак-муз-Жумаев көчөлөрүнүн кесилишинен капка салынган азиат түспөлүндөгү аялдын жансыз денеси табылды. Бул окуя боюнча ички иштер кызматкерлери ыкчам иликтөө жүргүзүп, ушул эле күнү кечке маал кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 29 жаштагы тургуну Ж.А., Нарын облусунун 48 жаштагы тургуну Б.К., Ысык-Көл облусунун 36 жаштагы тургуну К.Б., Нарын облусунун 35 жаштагы тургуну А.И. жана Бишкек шаарынын 28 жаштагы жашоочусу Т.Р. кармалды. Кармалган бешөө тең аялдар. Тергөө ишинде кармалган адамдар менен каза болгон аял мас абалында болушуп, ортосунда чыр-чатак келип чыккандыгы аныкталды. Натыйжада аялды айнек шише менен сабап, эсин жоготкондон кийин аны капка салып, таштап кетишкен. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.