Чүй облусуна караштуу Пригородное айылынан жарылган граната боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
4-июнда саат 12:00 чамасында райондук милиция бөлүмүнө Пригородное айылында жайгашкан май куюучу жайдагы жарылуу боюнча маалымат түшкөн. Аталган жерге тергөө тобу барган учурда жарылуунун белгилери жок болуп чыккан. Жарылуу май куюучу жайда эмес, колбаса чыгаруучу цехте болгону аныкталган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, цехтин кызматкерлери граната таап алып, цехке алып келишкен. Граната менен 1984-жылы Жалал-Абад облусунда туулган А.Нуржигит аттуу кызматкер ойноп жатып кокусунан жардырып алган. Жарылуунун кесепетинен 2 кызматкер, 4 жана 6 жаштагы балдар жабыр тартышкан.
"Азыркы учурда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан жарылуучу затты изилдөө иштери жүрүп жатат. Изилдөө иштеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 241-беренесине ылайык (ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сатып алуу, сатуу, сактоо, ташуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Ички иштер министрлиги жарандардан курал-жарак, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча элге кайрылып келет. Өз ыктыяры менен тапшырган жарандарга сый акы берилет. Элдин кайдыгер кароосунун жыйынтыгында күнөөсүз жаш балдар жабыркап келүүдө", - деп айтылат маалыматта.