Жалал-Абад облусунда каракчылык кылмышы боюнча шектелип 2 жаран кармалды. Алар 2-апрель күнү Кочкор-Ата шаарынын 36 жаштагы Т.И. аттуу тургунун 3 адам тапанча менен коркутуп, талаага алып барып токмоктогону үчүн айыпталышууда. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын инспектору Жылдызбек Аттокуров билдиргендей, жабырлануучу Т.И. Ноокен районунун Кара-Булак айылына жакын жердеги талаадан табылып, Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Бирок катуу жапа чеккен жаран ошол эле күнү саат 21.30 чамасында өзүнө келбей көз жумду. Кылмышка шектүүлөр 1985-жылы туулган Ж.А. жана 1983-жылы туулган П.С. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга камалып, кылмыш иши козголгону айтылды.