Кытайда 6 жыл аралыгында 16 кыргыз жараны өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда Кытайда Кыргыз Республикасынын 18 жараны жазаларын өтөөдө. Жаза өтөп жаткандардын ичинен 16 жаран өмүр бою эркинен ажыратылгандар", - деп айтылат министрликтин берген маалыматында.
Эскерте кетсек, 6 жыл аралыгында Кытайда адам өлтүрүүгө жана баңгизат менен байланышкан кылмыш иштерине айыпталган Кыргыз Республикасынын 3 жараны өлүм жазасына тартылган.