Мындан сырткары 5-6-июндарында республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталган. Катталган өрттү өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Бишкек шаарындагы "Кербен" базарында контейнер өрттөнүп, 15 түрмөк кездеме күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиришти.
"Өрт кырсыгы 5-июнь күнү катталган. Бишкек шаарындагы Кожевенная көчөсүнүн №74-дарегиндеги "Кербен" базарындагы 48-контейнерде 15 түрмөк кездеме күйүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт башка контейнерлерге өткөн эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда", - дейт басма сөз кызматынын адиси Майя Турганбаева.
Мындан сырткары 5-6-июндарында республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталган. Катталган өрттү өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.