Талас менен Чүй облустарында суунун деңгээли көтөрүлүп, айрым жерлерди суу каптады

Талас менен Чүй облустарында суунун деңгээли көтөрүлүп, айрым жерлерди суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 6-июнда билдирди.

"Абанын ысыгандыгына байланыштуу тоо кыркаларындагы мөңгүлөр эрип, анын кесепетинен үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда саат 08:30 чамасында Талас шаарындагы Талас дарыясынын деңгээли көтөрүлдү. Дарыянын айрым жерлеринен суу ашып, Талас шаарынын мейманканасынын бакчасын, Сарыгулов көчөсүндөгү 2 турак жайдын короолорун суу каптап, Ардагерлер ооруканасына суу каптоо коркунучун туудурган. Ошондой эле Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында жайгашкан көпүрөнү, Арал айылынын 2 ички чарбалык көпүрөсүн суу алып кетүү коркунучу жаралган. Буга байланыштуу Талас дарыясынын жээгинде 50 метр аралыкта нук казылып, бекемдөө иштери аткарылды", - деп билдиришти министрликтен.

Мындан тышкары Чүй облусуна караштуу Чүй районунда 5-июнда саат 12:50лөр чамасында Ак-Бешим айыл аймагынын Чүй-Интернат айылындагы Осмон каналына орнотулган дамбанын жээгин суу жээп, андан ашкан суу 5 үйдүн огородун суу каптаган. "Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жергиликтүү тургундар Осмон каналынын жээктерин бекемдешти", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bonia9189
2016-06-06 14:14:30
Кудай сактайгор ООО айланайын"АЛЛАХЫМ"
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан