Бишкекте “Кыргыз айылы” аттуу салттуу-маданий кербен көчү уюштурулду (фоторепортаж)

Кечээ, 5-июнда Бишкектин Түштүк дарбазасы тарабында жайгашкан Дайыр Асанов атындагы сейил бакта “Кыргыз айылы” аттуу салттуу-маданий кербен көчү уюштурулду. Анда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, мастер-класстар уюштурулуп, табигый таза азыктардан жасалган улуттук тамак-аштар көрсөтүлгөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири, “Ак шумкар КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин төрагасы Чолпонбек Капарбек уулу билдирди.

"Маданий баалуулуктарга негизделген кербен Бишкек шаары боюнча элге “кыймылдуу аянтча” түзүп берүү менен жаштардын өз ара мамиле куруусуна, улуу муун менен жаш муундун ортосундагы алаканы чыңдоого, салттуу маданиятты алып жүрүүчүлөр жана коомдук ишмерлер менен жалпы жарандардын таанышып, баарлашуусуна шарт түзүүнү максат кылат.

“Кыргыз айылында” боз үй тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, мастер-класстар жана "Манас" эпосун айтуу, улуттук аспаптарда күү ойноо уюштурулуп, санжыра, Бишкек, Байтик баатырлардын өмүр таржымалы айтылды. Иш-чаранын катышуучулары улуттук бийлерди бийлешти. Кыргыздын оюндары ойнолуп, улуттук ашкана тууралуу маалымат берилип, мастер-класстар менен коштолгон бул иш-чара катышуучулар менен биргеликте боз үйдү чечүү менен жыйынтыкталды. Мындай маданий иш-чара алдыда борбордун бир нече конуштарында өткөрүлмөкчү", - дейт Чолпонбек Капарбек уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан