Нарын районундагы 8-Март айылында үзүлүп калган электр чубалгысын кармап алган 7 жаштагы бала каза болду

Нарын облусунун Нарын районундагы 8-Март айылында үзүлүп калган электр чубалгысын кармап алган 7 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июнь күнү катуу шамалдан электр чубалгысы үзүлүп түшкөн. Күндүз саат 13:30дар чамасында үзүлүп калган электр чубалгысын кармап алган 2009-жылы туулган Э.Н. аттуу 2-класстын окуучусу каза болгон.

"Жерде жаткан электр чубалгысын жаш бала байкабастан кармап алып каза болду. Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
BarsBaatyr
2016-06-06 15:56:17
Нарын райондук РЭСтин жетекчилигин жазага тартыш керек.Ошондой катуу шамалда электрди өчүрүш керек болчу
+7
mirsapar
2016-06-06 16:24:51
окунучтуу, электриктер ото эле башкача болуп кетишти, элден акчаны жыйып алышат эмнеге ошондой жерлерди карашып койбойт созсуз жооп бериш керек.
+7
Ada3003
2016-06-06 17:05:24
Окунучтуу жаш бала:(
+3
avaz-t02
2016-06-06 17:52:01
Аллах, озун сакта кичинекейлерибизди!
+3
Kroxa
2016-06-07 01:13:09
Ийй дагы бир бечера бала кайтыш болду шалаакылардын айынан,,,ата-эне туугандарына сабырдуулук,Кайрат кылыныздар демекмин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан