Боом капчыгайында сууга чөгүп кеткен аялдын денесин издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-июнда билдирди.
"5-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Боом капчыгайындагы балыкчылардан Чүй дарыясына чөгүп жаткан аялды көргөндөрү тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган жерге куткаруу тобу келип, издөө иштерин баштады", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Кемин райондук ички иштер башкармалыгынын тартип кызматкерлеринин алдын ала берген маалыматы боюнча, чөгүп кеткен аял 1963-жылы Чүй облусунда туулган.