6-июнда кыргыз өлкөсүнүн жараны жасалма паспорт менен “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунан колго түштү. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 1994-жылы туулган О.Б. аттуу жаран чек арадан өтүп баратып жасалма (ID-card) паспортун көрсөткөн. Ал Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстанга чыгууну көздөгөн. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.