Бишкекте уулу ата-энесин үйдө нан, суусуз калтыргандыктан, бир жумадан кийин курт-кумурскага таланып энеси каза болуп калды

Бишкекте уулу ата-энесин үйдө нан, суусуз калтыргандыктан, бир жумадан кийин курт-кумурскага таланып энеси каза болуп калды. Бул тууралуу 7-июнда "Карылар ресурстук борбору" билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында аракеч уулу 1 жумадан бери карыган ата-энесин үйдө нан, суусуз калтырып, болгон каражатты алкоголдук ичимдикке коротуп жүргөн. Карыялар үйдөн чыга албагандыктан, курт-кумурскаларга таланып жата беришкен.

Алгач "Тез жардам" кызматына алардын абалын коңшулары кабарлашкан. Дарыгерлер барганда алар 7-8 күндөн бери азыктанбай, битке таланып, оор абалда жатышкан. №1-шаардык ооруканага алынып келип текшерүүдөн өткөрүлгөндө денесинен ар кандай курт-кумурскалардын тиштеген издери байкалган. Акыркы күндөрү карыялар курт-кумурскаларды жеп азыктанганын да айтышкан. Тилекке каршы, 83 жаштагы кемпир жандандыруу бөлүмүнөн чыкпай каза болуп калган. Абышканын учурдагы абалы жакшырып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал дагы бир курстук дарылануудан кийин ооруканадан чыгат, бирок ооруканадан чыккандан кийин анын кайсы жакка барары азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Emil0211
2016-06-07 14:50:34
Орустар окшойт булар
+9
admin_portal
2016-06-07 15:02:11
sarbo, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
-8
lolo.1
2016-06-07 15:17:30
Кудай сактааа
+3
Kunbeken
2016-06-07 15:17:39
Атасын карылар уйуно эле откоруп беруу керек, а бул адам сымал айбанды абака!
+10
Myrza.
2016-06-07 15:42:48
Не деген гана шумдук, айрымдар ата энеге зар болуп журсо бунун кылганы кыжырын келтирет
+6
Beka.kaba
2016-06-07 15:48:53
Uwundai Kantup bolsun
+2
yrysbek
2016-06-07 15:52:23
Жараткан (Аллах) озун сактай кор, эмне дээримди билбей калдым
+4
Chika2016
2016-06-07 15:53:36
Ата энесин баркын билбеген айбан.
+4
Qnet
2016-06-07 16:37:30
Эмне деген гана шумдуктуу окуялар болуп жатат айланабызда!Коркунучтуу!Булар ХХХ болуш керек
+2
admin_portal
2016-06-07 17:11:59
Qnet, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөрдөн алыс болууну сунуштайбыз!
-1
Rapas
2016-06-07 16:41:13
Ата энени тируундо сыйла,
анан тырмагына зар болосун!!! Ото кайгылуу(((((
+3
kdatka
2016-06-07 17:15:56
тооба тооба
+1
aikol87
2016-06-07 18:39:03
Атасын каарылар уйуно тапшырыш керек,баласы карабайт.
+4
Keremet008
2016-06-07 18:43:15
Орустар да булардын балдары уйлорун сатып кетип калат болду карыялар мышыгын тиктеп отура беришет
+1
BarsBaatyr
2016-06-07 21:38:14
Өзүнүн балдарынан дал ушундай күндү көрөт
+1
alhamdulillah
2016-06-09 11:27:02
Бизде икром муслимин деген сыпат жок мусулмен бири биринен кошунадан кабар алуу жок бир жума ачка жатсада билбейбиз .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан