Бишкекте КамАЗдын тепсендисинде калган велосипедчен киши каза болду

Бишкекте КамАЗдын тепсендисинде калган велосипедчен киши каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бүгүн, 7-июнда билдирди.

"2016-жылдын 5-июнунда саат 20:15тер чамасында КамАЗ үлгүсүндөгү автоунааны айдаган 31 жаштагы айдоочу Кокчетав менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде велосипедчен кишини тебелеп кеткен. Жыйынтыгында велосипедчен киши кырсык болгон жерден көз жумган. КамАЗдын айдоочусу автоунааны айып жайга токтоткон. Иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат башкармалыктын маалыматында.

Патрулдук милиция бардык жарандар жол эрежесин сактап, түн ичинде велосипед тепкендер шлемди жана түнкүсүн жарык чагылдыруучу жабдыктарды колдонушу керектигин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
chakieva87
2016-06-07 13:18:18
Бишкек шаарындагы Гор ГАИ иштешпейт чынында . Жол эрежелерин билбеген эле адамдарга праваны сатышат. Бул тема кыргызстан учун чон тема . Ар бир айдоочу озун конторольдобойт ошол себептеп ......
+3
lolo.1
2016-06-07 13:31:13
chakieva87,ошо праваны саткан ишкананы катуу козомолго
алыш кк,текшериш керек
+2
maks94.kb
2016-06-07 14:29:01
Велосипед айдаган киши мас абалында болгон болуусу керек прицептин астын кирип кеткен
+1
kg_boy__91
2016-06-07 14:37:05
Бишкекте кочолордо бирин бири сыйлоо 0%
Россиядан келип бишкекте рульда журо албадым
+2
beknur95
2016-06-08 08:31:48
кырсык каш кабактын ортосунда коз ачып жумганча болот камаз айдаган кишиде куноо жок ал акырын бараткан велосипед кунолуу баарына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан