КИНОЗАЛ: "Бакыт издеп..." тасмасы кыздардын чет элдик жарандарга турмушка чыгуусуна бөгөт коюуга багытталган" дейт режиссёр Айдай Чотуева

"Кинозал" бөлүмүндөгү "Бакыт издеп..." кыска метраждуу тасмасы чет өлкөгө бакыт издеп барып, турмушка чыгып кеткен кыздарга арналат. Тасма соңунда "жыл сайын 100-120 кыз түштүк кореялык эркектерге нике агенттиги аркылуу турмушка чыгышат, бирок көп узабай ажырашып кетишет" деп айтылат. Тасманын режиссёру - Айдай Чотуева. Анда актёр-актрисалар Калипа Усенова, Жаркын Балыкбаева, Касым Исмаилов, Анара Назакулова роль жаратышкан.
Тасманын режиссёру буларга токтолду:
"Бул тасманы бир нече ирет талкуулап, акыры ушундай сценарийге токтолгонбуз. Акыркы учурда "Нике агенттиги" дегендер көбөйүп, кыргыз кыздары чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыккан учурлар көп катталып баштабадыбы. Андыктан тасма кыздардын чет элдик жарандарга турмушка чыгуусуна бөгөт коюуга жана коомду агартууга, тазартууга багытталган.
Фильмде башкы каарман өзүнүн оорулуу энесин таштап, акча табыш үчүн Түштүк Кореяга кетип калып, анан турмуш куруп жатпайбы. Ал жакта деле Мамайдын көрү да. Күйөөсүнүн оорукчан энесин багып калат. Тасма аркылуу "чет жерге бакыт издеп кеткендердин баары эле бактылуу болушпайт" деген ойду айталы дегенбиз".

"Бакыт издеп..." тасмасын бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bek.94
2016-06-07 16:29:50
эн туура.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан