Манас районунда сууга агып кеткен 6 жаштагы кыздын сөөгү табыла элек

6-июнда Талас облусунун Манас районунда сууга агып кеткен 6 жаштагы кыздын сөөгү табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2016-жылдын 6-июнунда Лесная участкасына конокко келген Кайыңды айыл аймагына караштуу Арал айылынын тургуну, 2010-жылы туулган А.Х. аттуу кыз сууга агып кеткен.

6-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт-куткаруу кызматынан 10 куткаруучу, 5 милиция кызматкери, токой чарбасынан 5 адам жана жергиликтүү калктан 10 адам болуп издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок таба алышкан эмес. Издөө иштерин 7-июнда да улантышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
arawan
2016-06-07 16:11:38
жай келди эми аккандан чоккондон кудай озу сактасын агып чогуп кеткендер да кийинки жылдары кобойуп кетти го
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан