Талас облустук жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси "абактагы кылмышкерден 11 миң сом пара алды" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас облустук жазаларды аткаруу кызматынын жатак-абагынын жетекчиси соттолгон адамды мөөнөтүнөн эрте бошотуу үчүн 11 миң сом акча каражат талап кылган. Иликтөө иштеринин алкагында Кечки жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси кызматтык иш бөлмөсүнөн 11 миң сом алып акча алып жаткан жеринен кармалган.
Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлүүдө.