Стамбулдагы Беязыт районунда жардыруудан 11 адам каза болуп, 36 адам жаракат алды

Түркиянын Стамбул шаарынын Беязыт районунда 7-июнда полициянын автоунаасына кол салуу болуп, жардыруу орун алды. Бул тууралуу бүгүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жардыруудан полициянын 7 кызматкери жана шаар тургундарынан 4 киши набыт болуп, 36 адам жаракат алган.

Жардыруу Беязыттагы полиция башкармалыгы менен Везнежилер аялмадасына жакын жерде орун алган. Коопсуздук кызматкерлеринин унаасы өтүп бараткан маалда токтоп турган автоунаа жардырылганы айтылууда.

Азыркы убакта түрк коопсуздук кызматтары жардыруу болгон аймакты көзөмөлгө алып, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Жардыруу болгон аймак студенттер көп жүргөн аянт болуп эсептелет. Мындан сырткары Стамбул университетинин окуу имараттары, кыздар жатаканасы, метро станциясы жана бир канча мейманканалар орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ishikylsa
2016-06-07 16:45:49
Шумдугуң кургур, эми Стамбулга эч ким барбас болот го
+3
Qnet
2016-06-07 17:11:41
Террактпы ошондо?
-1
kanykey125
2016-06-07 17:35:54
Терракт окшойт.террористер качан тугонот
0
Muttlu
2016-06-07 19:53:12
Кудай сактааа
0
mersi89
2016-06-08 03:12:16
Россия менен ойнобош керек еле.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан