Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Койчиев мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынды. Өкмөттөн 7-июнда билдиришкендей, тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Койчиев аталган кызматка 2013-жылдын 29-январында дайындалган.