Ноокат районунда "ажырашкан аялын жана кайненесин бычактап качып кеткен" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бычактан жаракат алган аял оор жаракаттан улам бейтапканада көз жумгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында кылмыш ишине шектелип Ноокат районунун 1985-жылы туулган Х.У. аттуу тургуну кармалган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал 1992-жылы туулган Ноокат районунун тургуну М.Г. аттуу жубайы менен ажырашып, экөө эки башка жашап жатышкандыгы белгилүү болгон. Кармалган жаран баласын көргөнү барган. Ал эми айыпкердин ажырашкан аялы кичинекей баласы менен өз апасынын үйүндө жашап жатканы белгилүү болду.
"Кылмышка шектүү катары кармалган жаран март айынан бери келинчеги менен келишпестиктен улам жашабай калган. Ал жубайы менен сүйлөшүү үчүн кайненесинин үйүнө барып, келинчеги менен жаңжалдашып кеткен. Окуяга келиндин энеси да аралашып калган. Шектүү 2-июнь күнү саат 20:50 чамасында келинчегин жана кайненесин бычактап качып кеткен", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.