Москва районундагы күйүп кеткен үйдүн ичинен 3 жашар баланын жансыз денеси табылды

6-июнда саат 09:45 чамасында Чүй облусундагы Москва районунун Александровка айылынын Чапаев көчөсүнүн №45-дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Жыгач устундуу, темир менен жабылган, аянты 150 чарчы метр турак үйдүн чатыры, бөлмөдөгү диван, шкаф, кийим-кечелер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өрт чыккан жерден 2013-жылы туулган Л.И.Э. аттуу жаш баланын жансыз денеси табылганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aikol87
2016-06-07 18:33:29
Кечиресинер тема Москва району десе ,Россияда окшойт деп ойлопмун.Кичине баланы куткарган эч Ким болбоппу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан