Ысык-Көл облусунун тургуну өзүнө бензин чачып, денесинин 90 пайызын күйгүзүп алды. Бул тууралуу 7-июнда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Окуя бүгүн түшкө жакын жабырлануучунун Ак-Суу районундагы Ичке-Жергез айылындагы кайын журтунун үйүндө болгон. Учурда ал облустук ооруканада жатат. 1992-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну аялы менен жарашуу үчүн барып, аялынын жакындары менен уруша кеткен. Андан соң өзүнө бензин чачып өрттөп жиберген.