"Манас" аэропортунан мыйзамсыз баңгизаттарды алып жүргөн адам колго түштү

Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Манас” аэропортунан 34 жаштагы К.А. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Аны өздүк кароого алганда жалпы салмагы 153,6 грамм марихуана табылган.

Мындан тышкары милиция кызматкерлери Ош шаарындагы аэропорттон 23 жаштагы К.У. аттуу Жалал-Абад облусунун тургунун кармашкан. Анын жанынан мыйзамсыз 13 даана ок табылган.

Азыркы тапта кармалгандар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилишти. Тергөө амалдары жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_3
2016-06-08 12:08:19
Баңги затарды мыйзамдуу да алып жүргөндөр барбы ?
Же кармалган баңгизаттарды жок кылууга чейинки транспортировканы мыйзамдуу алып жүрүү дейби ?
0
lolo.1
2016-06-08 14:23:54
Мыйзамдуу алып журугоо уруксат барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан