Ушул жылдын 19-мартында арыз менен Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Спартак айылынын 44 жаштагы тургуну С.М. кайрылган. Ал 19-мартка караган түнү саат 00:30 чамасында Камышановка айылынын талаасында жайгашкан сарайына белгисиз азиат улутундагы 25-30 жаштардагы төрт бала белгисиз автоунаа менен келип коркутуп, автоунаасына 4 коюн жүктөп, бутуна мылтык менен атып кетишкенин билдирген.
Бул факт боюнча Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-аракетинин натыйжасында 2016-жылдын 5-июнь күнү бул кылмышка шектелип мурда соттолбогон Төмөн-Суу айылынын тургундары 19 жаштагы А.М., 29 жаштагы А.Ч. жана 29 жаштагы К.Ч. кармалышып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын ИИМден кабарлашты.