Сот тутумунда иштеген судьялардын кирешеси менен чыгымдары ачыкка чыгарылат

Сот тутумунда иштеген судьялардын кирешеси менен чыгымдары ачыкка чыгарылат. Бул багыттагы конституциялык мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети экинчи окууда жактырды.

Мыйзам долбооруна ылайык, сот тутумунда иштеген бардык судьялар жыл сайын өзүнүн жана жакын туугандарынын кирешелери менен чыгымдары тууралуу декларация тапшырууга тийиш.

Белгилей кетсек, базалык мыйзам талаптарына ылайык, буга чейин судьялар кирешелерин гана ачыкка чыгарып келишкен. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, судьялар жыл ичиндеги 300 миң сомдон (3 миң эсе эсептик көрсөткүчтөн) ашкан өлчөмдөгү чыгымдарын декларациялай баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан