Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынан 5-июнда сууга агып кеткен жарандын сөөгү табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына таянсак, Аксы районунун Ак-Суу айылынын тургуну, 1978-жылы туулган Б.Н.Э. аттуу жаран 5-июнь күнү саат 14:00 чамасында Нарын дарыясына түшүп, агып кеткен.
Издөө иштерин ӨКМнын 2-Өзүнчө издөө куткаруу отрядынын 8 куткаруучусу жүргүзүп, 6-июнда Шамалды-Сай шаарчасынан сөөгүн табышып, Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.