Америка Кошмо Штаттарынын Лос-Анжелес шаарынын чет тарабындагы 80 гектар жерди өрт каптады. Чет элдик маалымат каражаттары анын кесепетинен 5 миң адам коопсуз жайга көчүрүлгөнүн жазышууда.
Маалыматка ылайык, бир нече турак үй жараксыз абалга келген. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жашоочуларга милдеттүү түрдө коопсуз жайга көчүү керектигин эскерткен.
Өрттүн чыгышына автоунаа электр мамысын сүзүп алганы себеп болгон. Жайылган өрт 80 гектар жерди каптаган. Өрттү өчүрүүгө 250 өрт өчүрүүчү кызматкер жана тик учактар тартылган.