Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы өрттөн улам жабыркаган 12 адамдын бири каза болду. Бул тууралуу SUPER KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин газ ташыган унаалардан чыккан өрттөн жабыркагандардын ичинен 6 адамдын абалы оор экенин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков SUPER.KG порталына билдирген.