Кадамжайда селдин кесепетинен дайынсыз жоголгон 3 жашар бала дале табыла элек

Кадамжайда катталган селдин кесепетинен дайынсыз жоголгон 3 жашар баланы издөө уланууда. 7-июнда да издөөгө алынып, бирок табылбай жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. ӨКМнын 73 куткаруучусу узундугу 470 метр, туурасы 200 метр болгон сайдын ичиндеги аянтты 1 метрден 2 метр тереңдикке чейин казып, издөө иштерин жүргүздү, бирок табылган жок. 7-июнь күнү издөө иштерине 3 техника тартылды.

Эскерте кетсек, 27-майда саат 15:45тер чамасында Ош-Айдаркен унаа жолунда Кадамжай шаарынан Орозбеков айыл аймагына бара жаткан унааны нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен болгон сел суулары агызып, автоунаа сел өтүүчү сайга кулап түшкөн. Анын кесепетинен 5 адам каза болуп, 3 жашар бала сууга агып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
daniyar84
2016-06-08 11:28:21
Ата- энесине терен кайгылуу билдирем.аллахым озу сабыр берсин!!!
+1
Uson.karaev
2016-06-08 11:35:28
озбекистандыда издегиле МЧС
+1
Inna_91
2016-06-08 13:26:18
Кудай сактасын издегиле табылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан