7-июнда Ысык-Көлгө чөгүп кеткен баланын жансыз денеси бир күндөн кийин табылды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында сууга түшүп жаткан 1996-жылы туулган жаран сууга чөгүп кеткен. Куткаруучулар сууга чөгүп кеткен жарандын сөөгүн бир күндөн кийин табышып, жакындарына өткөрүп беришкен.
Маалым болгондой, окуя 7-июнь күнү түшкү саат 15:35 чамасында болгон.