Бишкекте спайс сатууга шектелип Казакстандын эки жараны кармалды

Бишкек шаарынан акыл-эске терс таасир этүүчү затты сатууга шектелип Казакстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы мейманканалардын биринин алдында акыл-эске терс таасир этүүчү затты (спайсты) сатууга шектелип 1981-жылы туулган Б.З. аттуу эркек киши жана 1985-жылы туулган К.Т. аттуу кыз кармалган. Кармалгандар Казакстандын жарандары экендиги белгилүү болду.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rifle_3
2016-06-08 12:34:48
Россияда көп жаш кыздар балдардын интернет жылдызы болгон видеолору тараган эле спай колдонуп алып. Эми бизге да келген окшойт. Кудай сактасын, мындай нермелерди колдонбогула.
-1
Abospekova
2016-06-08 12:55:44
Ушулар эле жетишпей аткан бизге, Озубуздогу педафил, киши олтургондор, уурулар аз болуп аткансып.
-1
Inna_91
2016-06-08 13:23:28
Спайс дегени эмне дегени тушундуруп бергиле
0
alik.1982
2016-06-08 14:46:58
Inna_91,спайс бул как наркотик сигаретке кошуп чегесин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан