Бишкек шаарында 158 миң сомдук зер буюмдарды алдоо жолу менен алып кеткен аял изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 18-майында Тыныстанов жана Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Эмен эс алуу багында 158 миң сомдук зер боюмдарды алдоо жолу менен алып кеткени тууралуу арыз менен М.Н. аттуу аял кайрылган.
Учурда "кылмыш ишине катыштыгы бар" деген шек менен 35-40 жаш чамасындагы кавказ түспөлүндөгү аял изделүүдө. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кылмыш ишине шектүү аялды көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт.