Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда волейбол боюнча эркектер арасында өлкөнүн 5-чемпиондугунун 2-айлампасынын 3-туру жыйынтыкталды. 3-апрелде өткөн оюндун жыйынтыгында командалар төмөндөгүдөй упайларга ээ болушту. “Салам-Алик” – “Улар” 3:0, “ИИМ+К” – “Ош бажысы-Кара-Суу” 3:2 жана “Жаңы Муун” – “Динамо” 3:0. Бүгүн, 4-апрелде “Салам-Алик” - “Динамо”, “Ош бажысы-Кара-Суу” - “Улар” жана “Жаңы Муун” - “ИИМ+К” командалары беттешет.
Ал эми жалпы эсеп боюнча командалардын топтогон упайлары төмөндөгүдөй:
“Жаңы-муун” - 16,
“Салам-Алик” - 14,
“ИИМ+К” - 13,
“Динамо” - 12,
“Ош бажысы-Кара-Суу” - 9,
“Улар” - 9.