Таш-Көмүр шаарында "айдоочунун денесине залал келтирип, 50 миң сом акчасын, кымбат баалуу телефонун тартып алган" деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-майда түнкү саат 02:00 чамасында Таш-Көмүр шаарында, Ош-Бишкек жолунда белгисиз адамдар тоноп кетишкени тууралуу арыз менен 22 жаштагы А.С. аттуу Ош шаарынын тургуну кайрылган. Иликтөө иштеринин алкагында Таш-Көмүр шаарынан 27 жаштагы жергиликтүү эки тургун кармалган.
"Кылмыш ишине катыштыгы бар" деген шек менен кармалган жарандар жабырлануучунун 50 миң сом акчасын, кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алып из жашырып кетишкен", - деп маалымдады басма сөз кызматы.
Медициналык экспертизанын жыйынтыгында айдоочунун денесине залал келтирилгени белгилүү болгон. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.