Жалпы жарандардын салыктык декларация берүү мөөнөтү жылдырыла турганына депутаттар нааразы

Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында өкмөт демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Өкмөт өкүлдөрү бул мыйзам долбоору аркылуу жалпы жарандардын салыктык декларация берүү мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу каралып жатканын маалымдашты.

Демилгени талкуулоонун жүрүшүндө өкмөттүн өкүлдөрү учурдагы техникалык даярдыктын жетишсиздигинен улам жалпы жарандардын салыктык декларация берүү мөөнөтүн 2020-жылга жылдырууну сунуштап жатышканын айтышты. Мыйзам долбооруна ылайык, жарандар өздөрүнүн жылдык кирешелери менен чыгашалары боюнча маалыматтарды да ачыктап турууга милдеттүү болушат.

Талкууда депутат Айнуру Алтыбаева өкмөт мүчөлөрүнөн эмне үчүн жалпы декларациялоо боюнча мыйзамдын иштебей жатканын сурады. "Жалпы декларацияны берүү - өлкөдөгү системдүү коррупция менен күрөшүүнүн бирден-бир механизми. Бул багытта өкмөт жакшы иш алып барбай жатат. Эмне үчүн жалпы декларациялоо мыйзамы иштебей жатат?" - деди Алтыбаева.

Депутат Осмонбек Артыкбаев А.Алтыбаеванын пикирине кошула турганын билдирип, мындай акча жүгүртүүнү ачыктоого байланышкан реформа жылдырыла берсе, анда мамлекетте эч качан өнүгүү болбой турганын белгиледи.

Соңунда мыйзам долбоору экинчи окууга добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан