Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Швейцариядагы расмий иш сапарынын алкагында Швейцария Конфедерациясынын Вице-президенти Дорис Лойтхард менен жолугушту.
Турсунбеков Кыргыз Республикасы-Швейцария кызматташтыгы башталгандан берки 20 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын айыл жана токой чарба, туризм, чакан жана орто бизнес тармактарынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүп келгенин белгиледи. Ошондой эле Швейцария тарап ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу жаатында 300 миллион швейцар франкы өлчөмүндө гранттык жардам берди.
Төрага өз маектешине Кыргыз Республикасы Швейцариянын 2016-2019-жылдары Борбордук Азия аймагы менен кызматташуу стратегиясынын тездетилип кабыл алынышына кызыкдар экенин билдирди. Ал Кыргыз Республикасы чакан гидроэлектростанцияларды курууга, электр энергиясынын жаңыртылуучу булактарын киргизүүгө, биргелешкен айыл чарба өнүмдөрүн кайра ишитетүү жана фармацевттик өнүмдөрдү чыгаруу ишканаларын түзүүгө, алардын өнүмдөрүн Европа өлкөлөрүнө чыгарууга да кызыкдар, бул багытта Швейцария алдынкы тажрыйбага ээ экенин кошумчалады.
Андан сырткары Ч.Турсунбеков 2017-жылы Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо өтө турганын эске салды. Азыр мамлекет башчысынын, кыргыз парламенти менен өкмөтүнүн бардык аракети жогорку бийлик тизгинин конституциялык жол менен таза жана ачык-айкын өткөрүп берүүгө багытталып жатканын белгиледи. "Ошондон улам Швейцария Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына техникалык жактан көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырып көрөрүнө ишеним артабыз", - деди ал.
Ал эми Дорис Лойтхард өз өлкөсү 2017-жылы кыргыз мамлекетинде өтө турган президенттик шайлоо жүрүмүнө колдоо көрсөтө турганын, Кыргыз Республикасы мындай колдоого татыктуу экенин баса белгиледи.
Дорис Лойтхард мырзанын пикиринде, Кыргыз Республикасы өлкөдө демократия салттарын калыптандыруу жаатында жигердүү иш алып барууда, ошондуктан Швейцария мындай маанилүү багытта колдоо көрсөтүүсүн уланта берет. Кыргыз мамлекетинин гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен ал кыргыз тараптын көңүлүн Жашыл климаттык фонддун ишине буруп, аны менен кызматташтык мамиле түзүүгө чакырды.