Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында долбоорду четке кагууга 66 депутат "макул", 42 депутат "каршы" деп добуш берди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Өмүрбек Текебаев, Акылбек Жапаров, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко, Садык Шер-Нияз, Айсулуу Мамашова, Эмил Токтошев, Бахадыр Сулейманов, Каныбек Иманалиев, Чолпон Жакупова.
Белгилей кетсек, “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам 2015-жылдын 24-июлунда, ал эми “Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам 2015-жылдын 29-июлунда кабыл алынган. Эки мыйзам 2016-жылдын 8-февралынан жана 12-февралынан тартып күчүнө кирүүгө тийиш болчу.