Бүгүн, 8-июнда түшкө маал Түркиянын Мардин шаарындагы Мидят районунда жардыруу болуп, анын кесепетинен 3 адам каза тапса, 30 адам жаракат алды. Чет элдик маалымат булактары каза болгондордун экөөсү полиция кызматкери экенин жазышууда. Айрым маалыматтарга караганда, белгисиз адамдар курал жүктөлгөн унаа менен аталган райондогу полиция имаратына чабуул коюшуп, жардыруу уюштурушкан.