Өткөн суткада республикада 11 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Айта кетсек, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 жана Талас облусунда 1 тилсиз жоо орун алды. “Кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч, же зыян алып келген фактылар катталган эмес”,- деди Танабаев.