№50-СИЗОдон качкан кылмышкерлер боюнча соттук отурум. М.Уринов: "Данияр Эдилдин колунан балканы алып, абак кызматкеринин башына чапкан"

№50-СИЗОдон качкандар боюнча соттук отурум Свердлов райондук сотунда бүгүн, 9-июнда улантылды.

Соттук отурумда абактан качкандардын бири Музафар Уриновдун буга чейин берген көрсөтмөсү окулду. Көрсөтмөдө: "Камеранын эшиги ачылып, сыртка чыкканбыз. Абактын күзөтчүлөрү турган жакка барганбыз. Ошол убакта Данияр Эдилдин колунан балканы алып, абак кызматкерин башка чапты. Ал учурда Эдил күзөтчүнү чаба албай жаткан. Андан кийин биз сыртка чыгууга аракет жасадык", - деген Уринов.

Мындан сырткары соттук отурумга күбө катары улуттук эксперт Жибек Исмаилова чакырылган. "Абактан качкандарды текшерүү учурунда Уриновдун абалы оор болчу. Денеси титиреп кыйналып жаткан", - деди эксперт.

Ал эми дагы бир эксперт Касымбек Мараимбеков: "Биз Нурсиятттын денесин текшергенде көгөргөн жерлери бар болчу", - деп кошумчалады.

Соттук отурумда 8-камерада отурган кылмышкер Тургуновдун көрсөтмөсү окулду.

"Эдил "Эгер мүмкүнчүлүк болсо, биз менен чогуу качат белең?" деп сураган. Мен "Кайда качмак элем?" деп жооп бергем", - деп айтылат Тургуновдун көрсөтмөсүндө.

Кийинки соттук отурум 15-июнга белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidowi
2016-06-09 15:57:22
Элдер азыр жоо жомокко ишенбей калган.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан