Ысык-Көлдө "баңгизат колдонгон" деп шектелген үч бала кармалды, алардын бири 14 жаштагы өспүрүм

Ысык-Көлдө "баңгизат колдонгон" деп шектелген үч бала кармалды, бирөөсүнүн жашы жете элек. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Каракол-Пристань айылынан түшкөн ыкчам маалыматтан улам баңгизат колдонгондорду аныктоо үчүн Каракол шаарынын Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "Транзит" жана "Нелегал" операциялары жүргүзүлгөн.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында Каракол-Пристань айылындагы бала бакчанын чатырында "баңгизат колдонуп жатышкан" делген 18 жаштагы П.Сергей, Т.Рустам жана 14 жаштагы В.Дмитрий кармалышкан. Кармалгандардын жеке буюмдарын текшерүүгө алган маалда П.Сергейге таандык болгон 25 грамм марихуана алынган.

"Кармалгандар бала бакчанын чатырын баңгизат колдонуучу жайга айландырып алышкан. Буга баңгизатты колдонууга ылайыкташкан колдо жасалган буюмдар жана катылган баңгизаттар далил боло алат", - деп кошумчалашкан кызматкерлер.

Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин "баңгизаттарды сатуу максатында эмес сактоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sirgak_92
2016-06-09 12:12:59
japjash ele baldar eken
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан