"Global Peace Index" тарабынан түзүлгөн рейтингде Кыргыз Республикасы коопсуздук боюнча 163 өлкөнүн ичинен 124-орунда экени белгилүү болду. Бул маалымат "Vision of Humanity" уюмунун сайтында жарыяланган. Рейтинг "Global Peace Index" уюмунун 2015-жылы жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн негизинде түзүлгөн.
Рейтинг өлкөлөрдүн аскер кубаттуулугу, коомчулуктун коопсуздугу жана өлкө ичиндеги туруктуулугунун көрсөтмөлөрү боюнча түзүлгөн. Рейтинг боюнча 1-орунга Исландия өлкөсү чыкса, 2-орунга Дания, 3-орунга Австрия чыккан. Америка Кошмо Штаттары 103-орунда, Орусия 151-орунда. Ал эми коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстан 109-орунда, Тажикстан 122-орунда, Кытай 120-орунда, Казакстан 75-орунда турат. Дүйнө жүзү боюнча эң кооптуу деп Сирия мамлекети табылган.