Биринчи Май райондук соту "Кадыр Маликовго кол салган" деп айыпталган Алибек Тилек уулун өмүр бою эркинен ажыратты

Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту "Кадыр Маликовго кол салган" деп айыпталган Алибек Тилек уулун өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот залында Алибек Тилек уулу күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды жана катуу режимдеги колонияда жазасын өтөй турганы тууралуу өкүм угузулду.

Белгилей кетсек, өткөн жылы белгисиз эки адам Кадыр Маликовдун бычак менен бетине, моюнуна сайып кеткен. Маликов борбор калаадагы 4-оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, дарыланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
new_hacker
2016-06-09 20:11:35
эээ кокуй бул анчалык эмне кылды эле же маликов АША нын кишисиби
+3
Qnet
2016-06-09 20:29:21
Ото катуу бериптир го жазаны!Педофил,зордукчуларга да ошентишсе экен!
+6
Sobr777
2016-06-10 12:13:35
Адам олтурсон 10 жыл. Олтуро албай калсан омур бою. Хе хе юристтер
+2
barakcha
2016-06-10 13:41:57
Акыйкат деген жок!!!
+1
mishonia8077
2016-06-10 18:45:01
Кичинекей Даниелди олтургон аялга 25жыл,буга омур бою эркинен ажыратышыптыр же жабырлануучулардын статусуна карашабы
0
mishonia8077
2016-06-10 18:46:27
Педофилдер,зордукчулар мунапыска туш келсе чыгып деле кетишет турбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан