Жогорку Кеңештин жаш депутатынын айлыгы 25,5 миң сомго барабар. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда парламент жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.
"Жогорку Кеңеште аймактардан келген жаш депутаттар бар. 25,5 миң сом айлыгы менен батирдин ижарасына төлөш керек, үй-бүлөсүн багыш керек. Эгер депутаттарга бөлүнчү кызматтык батирлерден баш тартсак, анда мындай депутаттар айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштей башташы мүмкүн", - деген оюн билдирди Алтыбаева.
Депутат Мирлан Жээнчороев депутаттын 25,5 сомго барабар айлыгы жетиштүү экенин айтты. "Жаш депутаттын айлыгы 25,5 миң сом, мугалимдики 8-12 миң сом. Милиция кызматкерлеринин маянасы 12 миң сомдун тегерегинде, аймактарда 7 миң сом. Алардын баары батирлерди ижарага алып, үй-бүлөлөрүн багып жүрүшөт. Депутаттарда айлык салыштырмалуу жетиштүү", - деп жооп берди Жээнчороев.
Айта кетсек, парламент жыйынында депутаттар үчүн кызматтык батирлерден жана автоунаалардан баш тартуу маселеси каралууда.