АКШ элчиси кыргыз өлкөсү географиялык абалы ыңгайлуу аймакта орун алып, мамлекеттер менен алака түзүүгө жакшы шарты бар экенин айтты

9-июнда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Асизов элчи айымга Нарын облусу боюнча жалпы маалымат берип, өнүгүүнүн негизги багыттары катары айыл чарбасына, кайра иштетүү өндүрүштөрүнө басым жасалып жатканын белгиледи. Ишкердикти өнүктүрүүгө бир катар аракеттер көрүлүп жатканын билдирип, жакында 4-ирет өткөн эл аралык инвест-форумду мисал келтирди. Аймактын экономикасын чыңдоо жаатында башка мамлекеттер менен алака түзүлүп жатканын айтты.

Нарынга биринчи жолу келип жатканын белгилеген элчи айым жолдо келе жатканда жаратылыштын кооздугуна суктанганын жашырган жок. Кыргыз өлкөсү географиялык абалы ыңгайлуу аймакта орун алып, мамлекеттер менен алака түзүүгө жакшы шарты бар экенин белгиледи. Нарын облусу башка мамлекеттер менен кызматташтыкта болгонун жакшы маалымат катары кабыл алып жатканын жана АКШ Кыргыз Республикасы менен шериктештикти бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу облустук администрациядан маалымдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан