ӨКМ: Чүйдүн Панфилов районунда 50 гектардан ашык жерди суу каптады

Чүй облусунун Панфилов районундагы 50 гектардан ашык жерди суу каптады. Бул тууралуу 10-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 9-июнь күнү саат 16:43 чамасында алынган маалыматка ылайык, Күлпүлдөк айылындагы Жарды-Кайыңды суусунун деңгээли көтөрүлүп, 6 гектар бедени, 50 гектар жайыт жерлерин суу каптаган. Турак үйлөргө зыян болгон эмес. 1 экскаватор тартылып, сууну нугуна салуу жумуштары аткарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан