Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы газ ташыган унаанын жарылуусунан жабыркап ооруканада жаткан 3 адамдын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков SUPER.KG порталына билдирди.
"6 адам оор абалда биздин ооруканага келип түшкөн. Биз жабыр тарткандарды жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз. Тилекке каршы, 3 адамды сактай албай калдык. Алардын денесинин 100 пайызы күйүп калган болчу. Ал эми калган 3 адамдын абалы канааттандырарлык", - деди Кубатбеков.